• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы отставкага кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.01.18 /Кабар/. Өзбекстандын улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы, генерал-полковник Рустам Иноятов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты өзбек өкмөтүндөгү эки аткаминер тастыктады.

Иноятовдун отставкасы президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусундагы Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура кызматкерлеринин селектордук жыйынында жарыяланды.

Улуттук коопсуздук кызматын 23 жыл башкарган 73 жаштагы Рустам Иноятовдун ордуна Өзбекстандын башкы прокурору Ихтиер Абдуллаев дайындалды.

52 жаштагы Ихтиер Абдуллаев башкы прокурор болуп 2015-жылдан тарта иштей баштаган. Анын ордуна мурун президенттин кеңешчиси болгон Отабек Муродов келди.

Өзбек өкмөтүндөгү көз карандысыз булактардын билдиришинче, Рустам Иноятов отставкага кетүү тууралуу 25-январда арыз берген.

Рустам Иноятов Ислам Каримов өлгөндөн кийин кызматта калган азыноолак жетекчилердин бири болгон.

Президент Шавкат Мирзиёев 22-декабрда укук коргоо органдарын, анын ичинде Улуттук коопсуздук кызматын сынга алган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий