• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда «өзгөчө» автоунаа номерлери аукциондордо сатылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу системасын жакшыртуу чаралары тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«2017-жылдын 1-сентябрынан тарта транспорт каражаттары үчүн талап кылынган сандар менен тамгалар айкалышкан мамлекеттик номерлерди тандап алуу, анын ичинде аукцион өткөрүү аркылуу кымбат сатуу тартиптери киргизилсин», – деп жазылган токтомдо.

Өлкөнүн министрлер кабинетине бир айдын ичинде «өзгөчө» автоунаа номурларын тандап алуу тартиптерин бекитүү тапшырылды.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий