• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда жөө жүргөндөргө сый акы төлөө токтотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.05.22./Кабар/. Өзбекстан жөө жүргөн жарандарга акча төлөбөй турган болду. Тиешелүү чечимди Өзбекстандын президенти кабыл алды.

1hls.uz дени сак жашоо образы платформасы 2021-жылы июнь айында ишке кирген. Күн сайын 10 миң кадам баскан кишилер үч миң сумдан (0.27 доллар) ала алышкан.

Былтыр жыл соңуна чейин өзбекстандыктарга 45 млрд 46 млн сум (3,9 млн доллар) төлөнгөн. Платформа алкоголь жана тамеки саткандардан чогулган акчадан каржыланып турган.

Бирок 2022-жылдын 1-январынан тартып жөө сейилдеген жарандардын чыгымдары мамлекеттик бюджетке жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий