• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда жаңы авиакомпания түзүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Өзбекстанда Humo Air аттуу жаңы авиакомпания түзүлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.

Анын айтымында, авиакомпания ички каттамдарды тейлеп, билеттерди арзан баада сунуштайт. Бул долбоорду ишке ашыруу өзбек лидерине таандык. Humo Air авиакомпаниясын быйыл ишке киргизүү пландалууда.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Өзбекстан аэропортторунун инфраструктураларын жаңылоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий