• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда жаңы мунай кени ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун жаратылыш газы жана газ конденсаты бар жеринде жаңы мунай кени ачылды.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Мубарек районунун Бахаристан шаарында мунай кени бар экени 10-августта тастыкталган. Ал жер «Бахаристан кени» деп аталды.

Бул Epsilon Development Company компаниясынын Мубарек инвестициялык блогундагы мунай жана газ конденсаттуу алгачкы кени.

Маалыматтарга караганда, жаңы кен Юра доорунан калган.

Пикир

Оставить комментарий