• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда жаңы окуу жылы аралаш формада башталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги 2021-2022-окуу жылдары мектептерде сабак аралаш формада өтө турганын жарыялады.

Министрлик муну Өзбекстанда коронавирус жуктурган учурлар, өзгөчө мектеп жашында инфекцияга кабылгандар көбөйүп жатканы менен түшүндүрдү.

Абалга жараша айрым мектептер карантинге алынып, окуу аралыктан өтүшү ыктымал. Бул үчүн сабактар мурдагыдай эле улуттук телерадиокомпаниялар аркылуу “Онлайн-мектеп” долбоорунун алкагында көрсөтүлүп турат.

Министрлик кандай гана заманбап система болбосун, ал салттуу мектепте билим берүүнү алмаштыра албай турганын айтып, мугалимдерди тезинен эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий