• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда жакында театр, кинотеатр жана ресторандар иштей баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечими менен 5-сентябрдан тартып ресторан, кафе, ашкана жана чайханалар иштей баштайт. Ошол эле маалда банкеттерди жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Бир үстөлдө төрттөн ашык адам отурбашы керек, персонал беткап жана мээлей кийип жүрүүгө милдеттүү. Ырааттуу түрдө тазалык иштери жүргүзүлүп, дезинфекциялык жабдуулар орнотулушу зарыл.

Мындан тышкары ушул күндөн тартып театр жана кинотеатрлар да санитардык нормаларды сактоо менен өз ишин баштайт.

Көрүүчүлөр орундуктарга аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар медициналык беткап тагынып жүрүүгө милдеттүү. Бардык иш-чаралар эки сааттан ашпоосу керек. Дене табы 37 градустан жогору болгон кишилер ичкери киргизилбейт.

Бул арада парктардагы аттракциондор да ушундай эле санитардык нормаларды сактоо менен ишин жандандырат.

Атайын комиссия жума, ишемби жана жекшемби күндөрү диний жөрөлгөлөрдү аткарууга да уруксат берди.

Пикир

Оставить комментарий