• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстанда жарандарды пахта тергенге мажбурлагандар жазаланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Анжиян облусунун башчысы Шухратбек Абдурахманов дарыгер, мугалим, окуучу жана студенттерди пахта терим өнөктүгүнө тарткан жергиликтүү чиновниктер кызматынан эле айрылып тим болбой, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 21-сентябрда пахта талааларындагы студент, мугалим жана дарыгерлерди тезинен үйлөрүнө жөнөтүүнү тапшырган.

Жыйын учурунда Анжиян облусунун башчысы жергиликтүү имамдарга, мектеп жана колледждердин директорлоруна кайрылып, жумушсуз жарандарды пахта терим өнөктүгүнө тартууга жардам берүүгө чакырды.

Өз булактар кабарлагандай, Анжиян облусунун башчысы ак алтын чогултууга катышкан ишсиз жарандарды жумуш менен камсыз кылууга, ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө, аялдардын арзан үй сатып алуусуна көмөктөшүүгө убада берди.

Студент, педагог жана медиктер пахта талааларынан кайткандан кийин Анжиянда маале активисттери үйлөрдү кыдырып, жаңы тизме түзө башташты. Жаңы тартип боюнча жергиликтүү тургундар 10 күнгө пахта теримге чыгуулары керек. Өз булактар маалымдагандай, баш тарткандардан 100 миң сумдан талап кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий