• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда жарандардын өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиянын чечимине ылайык, Өзбекстанга санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандар акча төлөп, мейманканаларга 14 күндүк карантинге жайгашса болот.

Жарандарды кабыл ала турган мейманканалардын тизмесин Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет менен Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык агенттиги түзөт.

Мындан тышкары атайын комиссиянын чечими менен өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы чаралар киргизилди. Ага ылайык, эпидемиологиялык коопсуздуктун «кызыл» деңгээли киргизилген Ташкенттеги маалелер жабылып, көчөлөрдүн кесилиштерине блокпосттор коюлат.

Пикир

Оставить комментарий