• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда жарандык алуу жөнөкөйлөштүрүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жарандык алууну жөнөкөйлөштүрүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, Өзбекстанда жашаган жери боюнча 2005-жылдын 1-январына чейин каттоого туруп, өлкөдө 15 жылдан бери туруктуу жашап келген жана башка мамлекеттердин жарандыгына ээ эмес адамдарга өзбек жарандыгы берилет.

Мындан тышкары Өзбекстандын жарандыгын ата-энесинин бири өзбек жараны болгон балдар ала алышат.

Өзбекстандын жарандыгын алгандарга идентификациялык карта жана биометрикалык паспорт берилет.

Маалыматка караганда, мыйзам күчүнө киргенден кийин дээрлик 20 миң киши Өзбекстандын жарандыгын алуу укугуна ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий