• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда жарым жылдын ичинде 15 миллион долларга "кооз" автоунаа номурлары сатылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстанда интернет-аукциондор аркылуу 70 миңден ашык "кооз" автоунаа номурлары сатылды. Бул тууралуу өлкөнүн Республикалык товардык-сырьелук биржасы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул номурларды сатуудан бюджетке 139,1 миллиард сум (13 миллион доллардан ашык) түштү.

Сатылган номурлардын эң арзаны 450,5 миң сумду ($42) түзсө, эң кымбаты - 441,5 миллион сумга чейин ($41,6 миң.) жеткен.

Биржа акыркы жарым жылдын ичинде өлкөдө "кооз" номурларды сатып алуу өткөн жылга салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөнүн билдирүүдө.

Былтыр Өзбекстанда интернет-аукциондордо 262,6 миллиард сумга (24,7 миллион доллар) автоунаа номурлары сатылганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий