• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун катышуучуларына 1 миң доллардан берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун катышуучуларына 10 млн сумдан (1 миң доллар) берилет. Бул тууралуу Өзбекстандын телеграф агенттиги жазат.

"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын акчалай сыйлоо жөнүндө" жарлыкка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда 1 миңге жакын согуштун катышуучусу жана 40 миңден ашык эмгек фронтунун жумушчусу жашайт.

Пикир

Оставить комментарий