• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда жеке клиникалар медициналык тез жардам кызматын акысыз көрсөтө башташат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.01.18 /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев 25-январда “Экстрендик медициналык жардам системасын ыкчам өркүндөтүү чаралары жөнүндө” токтомго кол койду.

Документте “заманбап талаптарга жооп бербеген” тез медициналык жардам көрсөтүүнүн таасирдүүлүгү сынга алынган.

Документ менен жеке менчик түрүнө карабастан, бардык медициналык мекемелерде калкка ыкчам жана токтоосуз медициналык жардам көрсөтүү акысыз болору белгиленген.

Медициналык уюмдарга өмүрү же саламаттыгы кооптуу абалда турган адамдарга ыкчам жана токтоосуз медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат.

Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, медициналык мекемелердин жетекчилери негизсиз баш тартуу үчүн жоопкерчиликке тартылат.

Тез жардам унаалары рация жана GPS-навигаторлор, үн жана түс белгилери менен жабдылат.

Үстүбүздөгү жылы Ташкенттин тез медициналык жардам станцияларынын базасында жана аймактык филиалдарында “103” номери менен бирдиктүү чалуу борборлору күнү-түнү иштей башташат. 2019-жылы мындай call-борборлор бүт республика боюнча райондордо жана калктуу аймактарда уюштурулат.

1-февралдан тарта тез жардам бригадаларынын айдоочуларына санитар жок шартта бейтаптарды жылдыруу үчүн тарифтик коюмдан 30% кошумча төлөм киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий