• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда жол кырсыгынан каза болгондор коронавирустан өлгөндөргө караганда үч эсе көп

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Өзбекстанда өткөн жылы жол кырсыгынан 1962 киши каза болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жол коопсуздук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылы өлкөдө 7 миңге жакын жол кырсыгы катталып, 1962 киши көз жумган.

«2019-жылы өлкөдө 8092 жол кырсыгы катталып, 2094 киши каза болгон. 2020-жылы кырсыктар 13,7%, адам өлүмү 6,3% азайган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан көз жумгандардын саны жол кырсыгынан өлгөндөргө караганда үч эсе аз. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө COVID-19дан кеминде 621 киши каза болуп, вирус жуктургандар 79 654 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий