• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда ЖОЖдор бүгүндөн тартып салттуу окуу форматына өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Өзбекстан жогорку окуу жайлары 16-ноябрдан баштап салтуу окуу форматына өтүшөт. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку жана орто кесиптик билим берүү министрлиги билдирди.

Министрлик бул чечимди 12-ноябрда республикалык атайын комиссия кабыл алганын белгиледи.

Комиссиянын чечимине ылайык, кийинки аптадан тарта студенттер ЖОЖдор иштеп чыккан чаралардын жана пландардын негизинде салтуу түрдө окуй башташат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзбекстандык студенттер быйыл жаз мезгилинен бери аралыктан окуп жатышкан.

Пикир

Оставить комментарий