• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда жыл аягына чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө $70 доллардан берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Калктын аз камсыз болгон бөлүгүн колдоо жана социалдык коргоону күчөтүү тууралуу" токтомго кол койду. Бул тууралуу "Нигох" Telegram-каналы кабарлады.

Документке ылайык, быйыл декабрда төмөнкү категориядагы үй-бүлөлөр 800 миң сум (73 доллар) өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам алышат:

  • 2021-жылдын ичинде "Темир дептердеги" тизмеге кошулган үй-бүлөлөр;
  • 18 жашка чыга эле баласы бар жана багуучусун жоготкону үчүн пенсия же жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөр;
  • 18 жашка чыга элек майып балдары бар жана жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөр.

Пикир

Оставить комментарий