• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда жыл башынан бери 250дөн ашык жер титирөө катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын башынан бери Өзбекстанда жана аны менен чектешкен коңшу өлкөлөрдүн аймактарында 2,8 баллдан 6,8 баллга жеткен 250дөн ашык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Сейсмикалык божомолдоо боюнча республикалык борбордон билдиришти.

"Жер силкинүүлөрдүн тез-тез катталышы Өзбекстан үчүн табигый көрүнүш болуп эсептелет. Анткени өлкө географиялык жактан Жер-Ортолук деңиз – Азия сейсмикалык алкагында жайгашкан", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Акыркы он жылдын ичинде Өзбекстанда алты жолу 6-8 баллдык жер титирөөлөр катталган. Алардын жыйынтыгында 16 киши өлүп, 54 адам жараат алган. Өкмөт бул зилзалалар келтирген экономикалык зыянды 84 миллиард сумга (7,4 миллион доллар) баалаган.

21-мартта Ооганстанда 6,6 баллдык жер титирөө катталып, ал коңшу Өзбекстанда 4-6 балл болуп сезилгени кабарланган.

23-мартта Тажикстандын аймагында болгон жер силкинүү да Өзбекстандын көпчүлүк аймактарында 4-5 балл болуп сезилген.

Пикир

Оставить комментарий