• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда жыл башынан бери жумушсуздук 13,2%ды түздү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда 2020-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында жумушсуздук 13,2% түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери боюнча министрлиги билдирди.

2019-жылдын алгачкы алты айында бул көрсөткүч 9,1% түзгөн. Министрлик быйыл жумушсуздуктун өсүшүнө коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар себеп болгонун билдирүүдө.

«COVID-19дун экономикалык ишмердүүлүккө тийнизген таасиринен улам экономика тармактарында иштегендердин саны 5% азайган», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда өткөн жылга салыштырмалуу жеке ишкерлик менен алектенгендердин саны 167,5 миңге же 46,4% азайган.

«Турукту жумуштарга орноштуруу жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартуу аркылуу 501,1 миң киши иш менен камсыз болду. Мындан тышкары 15 миңден ашык жумушсуз жаран кесиптик даярдык курстарына жөнөтүлүп, 27 миң кишиге 10,1 миллиард сум (1 миллион долларга жакын) өлчөмүндө жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөндү», — деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий