• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда жыл сайын 100дөн бажы кызматкерине турак жай берилип турат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Өзбекстанда жыл сайын турак жайга муктаж 100 бажычы үй менен камсыз болуп, дагы 100 кызматкерге жеңилдетилген шартта ипотекалар берилип турат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 17-февралдагы кеңешмеде билдирди.

Президент Олот, Гулистан, Термез өңдүү алыскы райондордогу бекеттерде иштеген кызматкерлер үчүн социалдык үйлөр курула турганын белгиледи.

Мындан тышкары бажы кызматкерлери менен алардын балдарына жогорку окуу жайларга тапшырууда атайын квоталар бөлүнүп берилет.

Кеңешменин жүрүшүндө бүгүнкү күндө Өзбекстандагы бажы кызматкерлеринин 8% аялдар түзөрү айтылды. "Бул тармакка адилеттүүлүктү, чынчылдыкты жана тартипти киргизүү үчүн жакынкы эки жылдын ичинде Бажы кызматындагы аялдардын санын жок дегенде эки эсеге көбөйтүү зарыл", — деди өзбек президенти.

Пикир

Оставить комментарий