• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстандагы элчи кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги сунушталды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КРнын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эртең, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Жунусовдун талапкерлигин карайт.

Азыркы учурда Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын ээлеп келет. Ал бул кызматка 2014-жылдын сентябрь айында дайындалган.

КРнын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков 2018-жылдын март айында КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий