• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өзбекстандагы ири мунайды кайра иштетүүчү завод сатыкка коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Өзбек басылмалары билдиргендей, Фергана мунайды кайра иштетүүчү заводу кайрадан сатыкка коюлду.

Бул Өзбекстандагы эң ири ишканалардын бири болуп эсептелет. 2019-жылы аны 16 миллион доллар алгачкы төлөм менен индонезиялык Trans Asia Resources компаниясы сатып алууга макулдук берген. Бирок келишим жүзөгө ашпай калган.

Маалыматка караганда, кызыкдар тараптар 28-майга чейин Өзбекстандын мамлекеттик активдерин башкаруу агенттигине караштуу инвестициялык UzAssets компаниясына жазуу түрүндө өтүнмө бериши керек.

Фергана мунайды кайра иштетүүчү заводу жылына 2 миллион тонна мунайды кайра иштетүүгө кудуреттүү.

Расмий маалыматка караганда, ишкананын жылдык орточо кирешеси акыркы үч жылда 19 миллион долларды түзгөн. Бул жерде 6 500дөй киши эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий