• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ѳзбекстандагы кыргыз мектебинде "Мектеп директору сыйлыгы" негизделди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 17.06.19. /Тѳлѳнбай Курбанов - Кабар/. Ташкент облусунун Паркент районундагы "Кыргыз аул'унда" жайгашкан №33 жалпы орто таалим мектебинде 2019-жылдан баштап билим алууда ѳрнѳк кѳрсѳткѳн окуучуларды шыктантыруу максатында "Мектеп директору сыйлыгы" негизделди.

Мектеп директору Кубанычбек Аматовдун айтымында, бул долбоордун негизги максаты жаш муундун китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, билим алууга шыктантыруу, Президент Мирзиёев тарабынан сунушталган "Беш демилгенин" жүзѳгѳ ашырылышына салым кошуу болуп саналат.

"Биздин мектеп Ѳзбекстанда таанымал окуу жай. Ѳткѳн жылы улуу жазуучу жана коомдук ишмер, кыргыздын татыктуу перзенти Чыӊгыз Айтматовдун 90-жылдыгына байланыштуу, Ѳзбекстан президенти Шавкат Мирзиёвтин атайын жарлыгы менен бул улуу инсандын бюсту биздин мектепке орнотулган. Бул биз үчүн жогору сыймык, ошону менен бир катарда мектеп окуууларынын жана мугалимдер жамаатынын жоопкерчилигин көбөйтөт. Быйыл 5-11 класстан эӊ жакшы ийгиликтерге жетишкен 4 окуучу бул сыйлыкка татыктуу болду. Биздин Кыргыз аул'унда 3 миӊден ашык түтүн жашайт. Мектепте сабак кыргыз тилинде өтүлөт. Өзбек, англис, орус тилдери кошумча тилдер катары окутулат", - деди Аматов.

Ал эми мектептин алгачкы директору, эмгек ветераны Аман Азимов "Мектеп директору сыйлыгынын" түптѳлүшү зор мааниге ээ деп эсептейт.

"Мектеп директору Кубанычбек Аматов айылыбыздын кулуну. Ал ѳзүнүн жеке каражаттары эсебинен бул сыйлыкты жарыялады. Ага миӊ рахмат! "Жакшы жѳрѳлгѳ – ийгиликке ѳбѳлгѳ" деген кеп бар. Кубаныч ѳз демилгеси менен айылыбыз тургундарынын жүрѳгүно чок салды, алар келерки жылы бул сыйлыкка ѳз салымын кошууга даяр экендигин айтышууда. Кеп акчада эмес, кеп бул демилгенин мазмунунда – бул сыйлык жаштарды улуу келечекке умтулушунда зор ѳбѳлго болору шексиз", - деп белгиледи А. Азимов.

Ѳзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл апрель айындагы "Беш демилгеси":

- Жаштардын музыка, сүрѳт тартуу, театр жана башка искусство түрлѳрүно кызыгууусун арттыруу;

- Жаштардын спорт менен машугуусу үчүн шарт түзүү;

- Интернет жана комптьютер технологияларын ѳздѳштүрүүнү күчѳттүрүү;

- Китеп окууну пропаганда кылуу жана руханиятты байытуу;

- Аялдар үчүн жумуш жайларын түзүү.

Пикир

Оставить комментарий