• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстандагы мектептердин көбүндө окуу жылы 14-сентябрда башталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Өзбекстандын элдик билим берүү министрлиги өлкөдөгү мектептердин көбүндө окуу жылын 14-сентябрда баштоо чечимин кабыл алды.

Ошол эле маалда бир жума ичинде коронавирустун жаңы учурлары катталбаган райондордогу анча чоң эмес мектептер 7-сентябрда тесттик режимде ачылат.

Өлкөнүн элдик билим берүү министри Шерзод Шерматовдун айтымында, ата-энелерге тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн онлайн-сабактар да өтүлүп турат.

«Эксперттер окуу жылын баштоонун үч сценарийин иштеп чыгышкан: мектептерди ачып, салттуу билим берүүгө кайтуу, онлайн билим берүүгө өтүү жана аралаш билим берүү. Бул боюнча ата-энелердин пикирин билүү үчүн министрлик Телеграм-каналы аркылуу сурамжылоо жүргүзүп, ага 1 миллион колдонуучу катышты. Алардын ичинен 70% балдарынын саламаттыгынан кооптонуп, онлайн окутууну тандашты. 30% пандемияга карабастан балдарын мектепке жөнөтүүгө даяр экенин билдиришти», - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий