• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандагы цемент заводунда иш таштоо аракети болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. 27-сентябрь күнү эртең менен Фергана облусундагы «Кувасайцемент» заводунда иш таштоо аракети болду.

Asiaterra.info интернет-басылмасынын маалыматына караганда, жумушчулар айлык акынын аздыгына, кыскартууларга жана завод жетекчилигинин жасаган мамилесине каршы нааразылыктарын билдиришти.

«Эртең мененки саат жетиде заводдун жумушчулары кесиптик кошуун комитетинин алдына чогулушту. Алар жетекчилик талаптарын укмайынча ишти баштабай тургандыктарын айтышты. Чогулгандарга заводдун техникалык директору чыкты. Андан тышкары милиция кызматкерлеринин коштоосунда Кувасай шаарынын башчысы да келди. Техникалык директор жумушчуларды тилдеп, аларды мажбурлап ишти баштатууга аракет кылды. Ортодо чыр чыгып, уят сөздөрдү айткандыгы үчүн ал милиция тарабынан убактылуу кармалды», — деп жазды басылма.

Жумушчулардын нааразылыгы башталгандан бир жарым саат өткөндөн кийин чогулгандардын алдына заводдун башкы директору менен анын орун басары чыкты. Алар айтылган маселелерди чечүүгө жардам берүүнү убадалагандан соң заводдун иши кайрадан улантылды.

Жумушчулардын иш таштоосуна заводдогу жапырт кыскартуулар себеп болгон. Жетекчилик 2018-2019-жылдар аралыгында 500дөн ашык жумушчуну кетирүүнү пландап жатат. Кыскартууларга көбүнчө пенсия курагына жакындап калгандар жана негизинен орто жаштагы аялдар иштеген көмөктөшүү кызматтарынын жумушчулары дуушар болот.

Заводду башкы кеңсеси Алматыда жайгашкан «Казакстан цемент компаниясы» башкарат. Акыркы беш жыл ичинде «Кувасайцементте» 15тен ашык башкы директор алмашып, кирешенин бардыгы үлүштүк кирешелерди төлөөгө жумшалып келет.

Пикир

Оставить комментарий