• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстандан Баткенге мыйзамсыз жол менен прекурсор ташыган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Өзбекстандан Баткенге мыйзамсыз жол менен прекурсор ташыган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Өзбекстандын "П" аттуу жараны Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен мыйзамсыз прекурсор (баңгизатын жасоодо керектелчү химиялык зат) өткөрүп жүргөндүгү кабарланган.

Кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө Кадамжай районунун Халмион айылынын 40 жаштагы К.Б. жана 29 жаштагы И.И. аттуу жарандары кармалган. Алар “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа менен 20 даана желим идиште өзг өчө жыты бар химиялык затка окшогон суюктукту Ош шаарына алып бара жаткан жеринен колго түшүшкөн.

Андан тышкары, Кадамжай РИИБнин ЭММКАК жана Криминалдык милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстандын 42 жаштагы М.П. аттуу тургуну менен Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган суюктук 628 кг прекурсор экендиги аныкталган.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, учурда тергөө иштери бүтүп, кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий