• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 11.02.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев баштаган делегация жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жумуш сапардын алкагында, Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков ,Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана делегациянын мүчөлөрү шаардагы Алишер Навоинин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

Ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын каржылоосу менен курулуп жаткан А.Навои атындагы мектебине кошумча 630 орундуу окуу корпусунун курулуш иштери мене таанышты.

Андан соң, жашылча-жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу “Келечек” акционердик коомунун, автоунаа кураштыруучу “Эстакада автоборборунун”, пластик жана алюминий эшик-терезелерди чыгарган “Имзо ЛТД” фирмасынын ишмердүүлүгүн көрүштү

Пикир

Оставить комментарий