• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстандан мыйзамсыз алынып келген 10 тонна күрүч кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 10 тонна күрүч кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери Евразиялык экономикалык бирикменин бажы эрежелерин бузуу менен товар алып келген деген шек менен Н.Ы. аттуу жаранды кармашкан.

Анын "VolvoFH12" үлгүсүндөгү унаасы текшерүүгө алынып, анда 10 тонна "Лазер" күрүчү бар болуп чыккан. Ал товарды бажы көзөмөлүнөн сырткары алынып келген.

Товардын баасы 500 миң сомдон ашкан.

Маселени карап чыгып, аны чечүү үчүн материалдар Ош облусундагы Финансы полициясынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий