• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандык 17 жаштагы шахматчы дүйнө чемпиону болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов Варшавада өткөн тез шахмат боюнча дүйнө чемпионатында чемпион болду. Бул тууралуу Өзбекстан Шахмат федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

17 жаштагы өзбек шахматчысы Нодирбек Абдусатторов Магнус Карлсен, Ян Непомнящий жана башка гроссмейстерлерди утуп, таажыны алды.

Чечүүчү тай-брейкте жаш шахматчы россиялык Ян Непомнящийди 1,5:0,5 эсебинде утуп, чемпион титулуна ээ болду.

Өзбекстан президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов өзүнүн Telegram-каналында Шавкат Мирзиёев Нодирбек Абдусатторовдун мелдешин онлайн режимде көргөнүн жазды.

Пикир

Оставить комментарий