• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстандык абитуриент 18 окуу жайга өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Өзбекстандын абитуриенти университеттерге өтүү экзамендердин жыйынтыгы боюнча 18 окуу жайга өткөндүгүн Uznews.uz порталы Sevimli телеканалынын репортажына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Ташкенттеги мектептин бүтүрүүчүсү Жахонгир Махамматкаримовдун айтымында, БАЭ, Малайзия, Түштүк Корея, Россия сыяктуу өлкөлөрдөгү окуу жайларга тапшырган. Алардын үчөөнө гранттык түрдө өткөн.

Махамматкаримов Москвадагы И.М.Губкин атындагы Мунай университетинде окууну көздөп жатат. Ошондой эле, ал дагы бир университеттин жообун күтүп жатат.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Өзбекстанда абитуриент 14 окуу жайга өткөн.

Пикир

Оставить комментарий