• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандык авиакомпания Бишкекке кошумча каттамдар тууралуу жарыялады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.22. /Кабар/. Uzbekistan Airways компаниясы Кыргызстандын борбор калаасына кошумча каттамдар тууралуу жарыялады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Авиакомпаниянын маалыматына караганда, Ташкент – Бишкек – Ташкент маршруту боюнча кошумча каттамдар 14, 21 жана 28-сентябрда аткарылат.

Учак Ташкенттен 13:00дө учуп чыгып, Бишкекке 15:10до конот, ал эми Бишкектен учак 16:30да учуп чыгып, Ташкентке 16:50дө конот.

Ташкент — Бишкек — Ташкент маршруту боюнча каттам жумасына төрт жолу - дүйшөмдү, шаршамби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Буга чейин Өзбекстандан Бишкекке аба каттамы жумасына эки ирет гана аткарылып келген.

Пикир

Оставить комментарий