• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лондондо Өзбекстандык официант кыз 77 жаштагы британ лордуна турмушка чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 04.01.19 /Кабар/. Лондондо 77 жаштагы мусулман лорд Мухаммед Илтаф өзүнөн 45 жашка кичүү өзбек жаранына үйлөндү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Мухаммед Илтаф 32 жаштагы Гули Мурадова 2013-жылы, ал кафеде официант болуп иштеп жүргөндө таанышкан.

Кийин Мурадова мекенине кайткандан кийин британ миллионери артынан келип, алып кеткен. Ал биринчи аялы менен ажырашып, Муродова менен 2018-жылы декабрда баш кошкон.

Алардын үйлөнүү тою беш жылдыздуу Grosvenor House мейманканасында өткөн. Британ басылмасы билдиргендей, лорддун жаңы жубайы анын кызынан 15 жашка кичүү.

Пикир

Оставить комментарий