• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандык студент кыз Эрдогандын жансакчысын өлтүрүүгө шектелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26-июнь /Кабар/. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жансакчысы Рамазан Өзчеликтин өлүмүнө өзбекстандык Фарида Байрамова аттуу студент кыз шектелүүдө. Аны Стамбулдун Бейликдузы райондук полициясынын Террорго каршы бөлүмү суракка алып жатат.

Өзбекстандын 25 жаштагы жараны Фарида Байрамова 19-июнда кармалган. Анын батиринен Түркия президентинин күзөт башкармалыгынын кызматкери Рамазан Өзчелектин сөөгү табылган.

Алар тогуз ай мурда таанышып, жолугушуп жүрүшкөн. Байрамованын айтымында, Өзчелек мобилдик телефондон «орус рулеткасы» оюну тартылган тасма көргөндөн кийин аны туурап өзүнө ок чыгарган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Байрамов менен Өзчелектин телефонунан эч ким «орус рулеткасы» тартылган тасма көрбөгөнү аныкталган. Түрк тергөөчүлөрүнүн ЖМКларга билдиргенине караганда, өлкө башчынын жансакчысына берилчү тапанча менен «орус рулеткасын» ойноого мүмкүн эмес.

Фарида Байрамова Малатья шаарындагы университеттин фармацевтика факультетинин студенти. Жайкы эс алуу маалында ал Стамбулдагы батиринде жашап жаткан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий