• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстандык жигит кызганычтан сүйгөн кызын бычактады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Паркент шаарынын жашоочусу сүйгөн кызын өлтүрүп, ал турмушка чыга турган баланы оор жарадар кылды. Кызганычтан улам кылмышка барган жигитке “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылды.

Каргашалуу окуя 25-августта Ташкент облусунун Паркент районунда болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, бычак жеген кыз окуя болгон жерде көз жумган, ал турмушка чыга турган бала оор абалда ооруканага жеткирилди. Киши өлтүрүүгө шектелген жигит милиция тарабынан кармалды.

Маалыматтарга караганда, айыпталуучу сүйгөн кызынын башка жигитке турмушка чыгарын угуп, кызганычтан улам түгөйлөргө кол салган. Келерки аптада алардын үйлөнүү үлпөтү болмок.

Паркент районунун ички иштер бөлүмү киши өлтүрүү болгонун тастыктады. “Киши өлтүрүү” беренеси менен козолгон кылмыш ишин райондук прокуратура тергеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий