• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандыктар мындан ары Ташкентте туруктуу каттоосу жок иштей алышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.10.18. /Кабар/. Өзбекстан Юстиция министрлиги бейшембиде парламентке “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жолдогон.

Документке ылайык, жакын арада өлкө жарандары Ташкентте туруктуу каттоосу жок иштей алышат.

Мыйзам долбоору жумушту эркин тандоо, өлкө ичинде ээн-эркин жүрүү боюнча жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыздоого багытталган. Депутаттар документти карап, кабыл алышты.

Буга чейин Өзбекстан жарандары борбор калаанын жаңы конуштарынан үй сатып алган шартта гана Ташкент шаарына жана Ташкент облусуна туруктуу каттоого тура алышкан.

Пикир

Оставить комментарий