• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандыктарга Россиянын аймагында 15 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Өзбекстандын жарандарына Россиянын аймагында 15 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги иштеп чыккан "Өзбекстан менен Россиянын ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорунда жазылган.

Бүгүнкү күндө Россиянын аймагында Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын жана Армениянын жарандары 15 күн каттоосуз жүрө алышат.

"Россиялыктардын Өзбекстанда жана өзбекстандыктардын Россияда жүрүүсү тууралуу" эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн бул келишимге 21-майда Москвада, 17-июнда Ташкентте кол коюлган. Анда ал бир өлкө жарандарынын экинчи өлкөдө жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкканы айтылган. "Макулдашуунун ишке ашуусу Россия менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамиленин мындан ары да өнүгүүсүнө түрткү болот", - жеп жазылган документте.

Буга чейин Москва Россияга кирүүгө тыюу салынган 158 миң өзбекстандыкка "миграциялык мунапыс" бере турганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий