• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстандыктарга Россиядан туристтик операторлор аркылуу келүүгө уруксат берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Чет өлкөлөрдөгү Өзбекстандын жарандарына туристтик операторлор аркылуу мекенине кайтып келүүгө уруксат берилди.

Тиешелүү чечимди Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комиссиясы кабыл алды.

Өлкөнүн Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Навруз Ашурматовдун айтымында, азырынча Өзбекстанга Россиядан гана коммерциялык каттамдар аткарыла баштады.

«Бул үчүн туристтик фирмалар Өзбекстандын Транспорт министрлиги менен авиациялык жетекчилигине кайрылып, сыртта жүргөн жарандарыбыздан суроо-талап бар экенин жана фирмалар каттамдарды аткарууга даяр экенин билдириши керек. Туроператорлор жүргүнчүлөрдү Өзбекстанга жеткирүү, аларды мейманканаларга жайгаштыруу сыяктуу кызматтарды аткарышат», — деди басма сөз катчы.

Ал Ташкентке коммерциялык каттамдар менен келген жарандар аэропорттон дароо мейманкаларга жеткирилип, 14 күндүк карантинге алынарын кошумчалады.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай коммерциялык каттамдардын бири Орусиядан Өзбекстанга 23-июлда аткарылган. Алдыда Фергана облусуна жана Ташкент шаарына да аткаруу пландалууда.

8-июнда Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Эркин Хамроев Орусиядан 100 миңге жакын өзбекстандык кайтып келүү каалоосун билдиргенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий