• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын 1,6 млн жараны чет мамлекеттерде иштеп жүрөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын 1,6 миллион жараны чет мамлекеттерде иштеп жүрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-январына карата чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардын саны 1 678 400дү түздү. Бул 2020-жылдын башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 782 499 адамга аз.

Чет жактарда жүргөн өзбекстандык жарандардын 481,1 миңин же 28,7% – аялдар, 993,7 миңин же 59,2% – жаштар түзөт.

Мигрант катары иштеп жүргөн өзбекстандыктардын саны боюнча Россия алдыда — бул өлкөдө 1 192 800 өзбек жараны (71%) бар. Казакстанда 209 300 (12%), Түштүк Кореяда 62 300 (4%), Түркияда 43 200 (3%), БАЭде 5 200 (0,3%) жана башка өлкөлөрдө 165 600 өзбекстандык иштейт.

Өзбек мигранттарынын көбү курулушта (49%), өндүрүштө (11%), соода менен кызмат көрсөтүү тармагында (10,4%), агрардык сектордо (7,8%) жана башка тармактарда (20,9%) иштешет.

Пикир

Оставить комментарий