• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын бардык аймагында мобилдик автобус-бала бакчалары иштей баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Борбор калаа Ташкенттен башка Өзбекстандын бардык аймактарында 2021-2022-окуу жылында мобилдик топтордун базасында мектепке чейинки кызмат көрсөтүү системасы киргизилет.

Өзбек өкмөтү кабыл алган токтомдо мектепке чейинки билим берүүнүн мобилдик бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруу жобосу бекитилген.

Мобилдик топтор заманбап талаптарга жооп берген жана белгиленген стандарттарга шайкеш жабдылган атайын техникалардын – автобустардын базасында уюштурулат.

Буга чейин Мекепке чейинки билим берүү министрлиги ISUZU HC 40 базасындагы автобустар бакчасы күн батареялары, кондиционер, ажаткана, ысык-муздак суу, тамак жылыта турган ашканадан турарын кабарлаган.

Мобилдик топтордогу балдардын саны 16дан 30га чейин болушу керек. Бир нөөмөттө билим алуу 3 сааттан ашпайт.

Мобилдик топтордогу окуу жылы 2-сентябрда башталып, келерки жылы 31-майда аяктайт.

Министрликтин маалыматына караганда, былтыр мына ушундай 49 автобус бакчалары өлкөнүн ар кыл аймагында кызмат көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий