• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстандын бардык аймактарында карантин борборлору ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Өзбекстандын бардык аймактарында коронавирус боюнча карантин борборлору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн 23-мартта кабыл алынган токтомунда айтылат.

Токтомго ылайык, Каракалпакстанда төрт, Ташкентте үч жана башка аймактарда бирден атайын карантин жайлары түзүлөт.

Маалыматка караганда, алар мамлекеттик эс алуу жайларынын, ден соолукту чыңдоо борборлорунун жана мейманканалардын базасында уюштурулат.

Карантин борборлорунда коронавирус жуктуруп алган же шектелип жаткан адамдардын мобилдик телефондору, аудио жана видеоаппараттары, банк карталары өңдүү маалымат алып жүрүүчү каражаттар убактылуу конфискацияланат.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 50гө жетти.

Пикир

Оставить комментарий