• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын бийлиги коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөрдү жумшартууну пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Өзбекстандын бийлиги коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөрдү жумшартууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, өлкө жашоочулары жумушка, ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө баруу үчүн жеке автоунааларын эртең менен 7:00дөн 10:00гө чейин, кечинде 17:00дөн 20:00гө чейин колдонсо болот. Мындан тышкары жарандарга балдары менен үйдөн алыс эмес жерде сейилдөөгө, айыл чарба азыктарын облустар жана шаарлар ортосунда ташууга уруксат берилет.

Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 2002 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен сегиз бейтап каза болуп, 1096сы айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий