• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстандын борбордук ооруканасында газ жарылып, беш окуучу оор жаракат алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Өзбекстандын Анжиян шаарындагы борбордук поликлиникада 26-февралда эртең менен газ жарылып, беш окуучу оор жаракат алды.

centralasian кызматы күбөлөргө таянып билдиргендей, жарылуу окуучулар рентгенге түшүп жаткан учурда болгон.

Газ имараттын от жаккан бөлмөсүндө жарылганы айтылууда. Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген күбө от жаккан бөлмө имараттын артында жайгашканын, ал жакта рентген да орун алганын, шаардагы №4 мектептин окуучулары өпкөсүн текшертип жаткан учурда катуу жарылуу болгонун айтып берген.

Быйыл 28-январда да Өзбекстандын Бекабад шаарындагы мектептин от жаккан бөлмөсүндө газ жарылып, бир киши каза таап, экөө жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий