• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Чекелек аймагында кокусунан Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 кыргыз жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишкен.

"Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн натыйжасында 13 кыргыз жараны Кыргызстанга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий