• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын чек арасынан 10 метр алыстыкта балык уулаган кыргызстандык айыпка жыгылды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда чек ара кызматкерлери Өзбекстан менен чектешкен мамлекеттик чек арадан 10 метр алыстыкта балык уулаган кишини кармап, айып салышкан.

Чек арачылар Кыргызстандын жаранын 14-мартта Сузак районундагы Жаңы-Жер айылынан алыс эмес “мамлекеттик чек ара режимин бузуу” үчүн деген жүйөө менен кармашкан.

Маалым болгондой, Жаңы-Жердин жашоочусу КР администрадивтик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине ылайык айыпка жыгылган.

Пикир

Оставить комментарий