• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын Фергана облусунда самсы жана лагманды эшек этинен жасашкан

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 24.03.18 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Фергана облусунда коомдук тамактануу жайларына эшек этин ташыган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу ӨР Башкы прокуратурасына караштуу медиа борбор билдирди.

Эшектерди Куштепин районундагы жеке турак үйлөрдүн биринде союп, этин Фергана шаарына жана Ташлак районуна казак-кабоб, самсы жана лагман жасоого жөнөтүп турушкан.

Үйдүн короосунда коомдук тамактануу жайларына жөнөтүү үчүн чоң көлөмдөгү эт даярдалган. Эт жиликтенип, санитардык нормаларга жооп бербеген шарттарда сакталып турган.

“Эшектин эти жыты жана даамы боюнча уй жана кой этинен айырмаланат. Муну тамактануу жайларынын ашпозчулары жана кожоюндары дагы билишкен”, -деп айтылат билдирүүдө.

Төрт адамга карата Өзбекстандын КК 186-1-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

2017-жылдын декабрында Хорезм облусунан алынып келинген эшектин этин Ташкенттеги колбаса цехтеринин биринде колдонушары, ошондой эле 10 жыл бою борбордун базарларына жана эт-колбаса азыктарын өндүрүүчүлөргө Кашкадарыядан жугуштуу эт ташыган кылмыштуу топ ачылганы билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий