• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстандын калкынын саны 32,3 млн адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 7-август /Толонбай Курбанов – Кабар/. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын калкынын саны 2017-жылдын 1-июлуна карата 32,345 млн адамды түзүп, жыл башынан бери 224,5 миң адамга көбөйгөн. Бул тууралу өзбек ММКлары жазып чыкты.

Шаарда жашагандардын саны 16 млн 353 миң (жалпы калктын санынын 50,6%) ал эми айылда жашагандардын саны 15 млн, 992 миңге жеткен (49,4%).

2017-жылдын январь-июнь айларында төрөлгөн балдардын саны 78,8 миңге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 4,9 пайызга көп болгон.

Болжолдуу түрдө 2017-жылдын январь-июнь айларында 1 жашка чейинки 3,9 миң бала көз жумган.

Ушул жылдын январь-июнь айларында 96,3 миң жаңы үй-бүлө катталып, 15,6 миң ажырашуу болгон.

Өзбекстан - көп улуттуу өлкө, ал жакта 140 миңге жакын улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын басымдуу бөлүгүн өзбектер түзөт (80%). Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 420 миңден ашык этникалык кыргыздар жашайт.

Пикир

Оставить комментарий