• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстандын калкынын саны 32 млн адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 16.01.18. /Толонбай Курбанов – Кабар/. 2018-жылдын 1-январына карата Өзбекстан Республикасынын туруктуу калкынын саны 32,65 млн адамды түздү. 2017-жыл бою калк 533,4 миң адамга (1%) көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн ТИМ “Жахон” МА Республиканын Улуттук статкомуна таянып билдирди.

Шаар калкынын саны 16,53 млн адамды (калктын жалпы санынын 50,6%), айыл калкы – 16,12 млн адамды (49,4%) түзгөн.

2017-жылы калктын табигый өсүшү 554,0 миң адамды түзүп, 2016-жылга караганда 17,4 миң адамга азайган (2016-жылы 571,4 миң адам).

Өзбекстан көп улуттуу өлкө, мында 140тан ашуун улут жана элдердин өкүлдөрү жашашат. Анын ичинде болжолдуу маалымат боюнча, 500 миңден ашыгы этникалык кыргыздар.

Пикир

Оставить комментарий