• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстандын калкынын саны 33 миллиондон ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.01.19 /Кабар/. Өзбекстандын калкынын саны 2019-жылдын 1-январына карата 33 миллион 254 миң 100 адамды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Статистика комитетинин билдирүүсүнө караганда, шаар калкынын саны 16,805 миллион адамды (калктын жалпы санынын 50,5 %), айыл калкы – 16,449 млн. адамды (49,5%) түздү.

2018-жылы бул өлкөдө 768 миң 300 бала төрөлгөнү катталган. Алардын ичинен 400 миң 900ү эркек бала жана 367 мин 400ү кыз. Өткөн жыл ичинде 154 миң 700 өлүм катталган.

Ошондой эле бир жыл ичинде ЗАГСтарда 311 миң 400 нике жана 32 миң 300 ажырашуу катталган. 2018-жылы өлкөгө 157,2 миң киши кирип, 176,2 миң киши чыккан.

Пикир

Оставить комментарий