• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстандын Хива шаарында «Сулайман-Тоо» музейинин көчмө көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Кечээ, 2-мартта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин катышуусу менен Хива шаарынын «Ичан-Кала» мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругунда «Сулайман-Тоо - Бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси» аттуу уникалдуу көчмө көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Көргөзмөдө Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин геологиялык жана археологиялык экспонаттары, фотоматериалдар көрсөтүлдү.

Иш-чарага Хива шаарынын хокиминин орун басары Темурбек Анварбеков, «Ичан-Кала» музей-коругунун директору Шоназар Матякубов, «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директору Султан Абдрахманов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин Атташеси Айжамал Карамурзаева, Хорезм облусунун туризмди өнүктүрүү департаменттин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Абдулла Ходжаев, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Өзбекстандын ММК өкүлдөрү, Хива шаарынын коноктору жана тургундары катышты.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө элчиликтин атташеси Айжамал Карамурзаева акыркы мезгилдеги музей иштери жаатындагы кызматташтыктын оң динамикасын, ошондой эле эки мамлекеттин маданий байланыштарын кеңейтүүдө мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуну менен катар, кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхый достугуна негизделген маданий-гуманитардык кызматташтык мындан ары да бекемделе берилишине ишеним билдирилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын музей мекемелери өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Аталган көргөзмө 2021-жылдын аягына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий