• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандын өкмөт башчысынын Кыргызстанга сапары. Айыл чарба багытында үч документке кол коюлат

Коом 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча айыл чарба багытында үч документке кол коюлат: 2 макулдашуу жана 1 жол картасы. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине айыл чарба жана, өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, КР менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы биринчи макулдашуу өсүмдүктөрдүн карантини тууралуу болот.

"Биз ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан биримдиктин шарттарын аткаруудабыз керек. Ал эми шарттар бир аз башкача. Биз эки тарап ал макулдашуу боюнча баардык талаптарды аткарууга милдет алабыз", - деди ал.

"Экинчи - өкмөттөр ортосундагы минералдык жер семирткичтер боюнча макулдашуу. Ал жерде аткаруучу катары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду каралган. Эми ал фонддун ордуна айыл чарба министрлиги каралууда. Башкача айтканда, Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди алууда биз канча, кайсы баада ж.б. белгилейбиз. Жеке ишкерлер иштей берет. Аларга эч кандай тоскоолдук жок. Биз мониторинг кылып, кайсы райондо жетишпестик бар экенин карап, ал жерге семирткичтерди жеткирүүдө жардам кылабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий