• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстандын компаниялары Кыргызстандан картошканы экспорттого даяр - Эркинбек Чодуев

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Өзбекстандын 17 компаниясы Кыргызстандан картошканы экспорттого даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев кабарлады.

Анын айтуусунда, Өзбекстан менен картошка жеткирүү боюнча иштер жакшы жүргүзүлгөн.

“Бирок 2018-жылдын 2-майынан тарта Өзбекстан бир гана үрөндүү картошканы сатып алаарын билдирген. Ушул маселе боюнча Душанбеде премьер-министрлер арасында жана тиешелүү министрликтер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Андан тышкары, биз өзбек өкмөтү менен да тыгыз иштөөдөбүз. Биздин Департаменттин жетекчиси 3-4 күн Ташкентте болуп келди. Өзбекстандын 17 компаниясы бизге картошканы сатып алаары тууралуу так жооп беришкен. Өз кезегинде биздин тарап өлкөдө канча көлөмдөгү картөшкө бар экендигин айтты”, - деп билдирди ал.

Чодуев белгилегендей, бүгүнкү күндө картошканы экспорттоо боюнча Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Биз бул суроону талкуулоо үчүн бул өлкөнүн элчилиги менен иш алып баруудабыз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий